Ар бирибиз үйрөткөндөрүбүз үчүн жоопкерчиликтебиз!

Иллюстрациялык сүрɵт: Pixabay

Тексттин автору: Жибек Кенжебекова

Биз «ит адамдын досу» деп кɵнгɵнбүз, бирок башка бирɵɵ үчүн дос эмес экенин унутуп койдук.

Массалык маалымат каражаттарында Бишкектин жанында 3 жаштагы кызга алабай ити кол салганы тараган, 18 жаштагы эжеси сиңдисин куткарып жатып ɵзү жабыркап, ооруканага түшүп калган. Ооруканада эжесинин жабыркаган жерлери тигилип, 3 жашар кыздын психологиялык жаракат алганын айтсак болот. Эгер бейтааныш жигит келип калып итти кууп, жардам бербегенде, бул окуянын аягы белгисиз жана коркунучтуу болмок.

Бул маалымат коомдо ɵтɵ чоң дүрбɵлɵңдү жараты, себеби жоопкерчиликсиз иттин ээлери, бул кырдаалга кɵңүл бурбай, материалдык чыгымды тɵлɵɵдɵн баш тартты.

Буга байланыштуу, бул кырдаалдын укуктук тарабын карасак.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, жаныбарларга жарандык укуктун объектиси болуп саналган жалпы мүлктүк статус колдонулат.  Буга ылайык кожоюн, ɵзүнүн мүлкү үчүн толугу менен жооп берет.

Биз үйрɵткɵндɵрүбүз үчүн жоопкерчиликтебиз – деп жɵн айтылбаса керек. Ошондуктан, эгер биз жаныбар баксак, жана ал айлана-чɵйрɵдɵгүлɵргɵ коркунуч жаратса, биз колдон келген баардык чараларды колдонуп, мындай кырдаалдарды жаратпашыбыз керек.

Иттерди карай турган болсок, аларга тарбиялоо иштерин жүргүзүп, мойнуна салгыч тагып, кɵчɵдɵ жүргɵндɵ кыска аралыкта жетелеп, тумшук кап кийгизиш керек. Негизинен иттер каардуу болбош үчүн, аларды жакшы кɵрүү менен багып, үй-бүлɵнүн толук мүчɵсү катары кɵңүл буруш керек.

КР нын административдик жоопкерчилик жɵнүндɵгү кодексинин 203- беренесине таянсак: 

«Продуктивдүү эмес үй жаныбарларын күтүү эрежелери бузулса – жарандардын ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилсе, – жарандарга – отуз, кызмат адамдарына – жетимиш кѳрсѳткүч өлчөмүндө администрациялык айып пул салууга алып келет».

Бул иттин ээси мыйзам чегинде 3000 сом айыбына тартылышы керек дегенди билдирет. Жабыр тарткан тарап, соттук тартипте ден соолугуна келтирилген зыянды ɵндүрүүгɵ укуктуу.

Ой-пикир кошуу

кирүү