Уурулук үчүн соттолгон кээ бир жарандар мөөнөтүнөн эрте эркиндике чыгышат

Сүрөт: Pixabay

Автор: Замир Жоошев 

Менчикке каршы кылмыштардын кээ бирлери (уурлук, тоноо, алдамчылык, опуза талап ж.б.) боюнча «уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам» катары соттолгондор абактан сот белгилеген мөөнөттөн эрте чыгышы керек.

Себеби 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирчү Кылмыш-жаза кодекси «уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда» деген кылмыш белгисин өзүнө камтыбайт.

Мисал менен түшүндүрөбүз

Элестетебиз. Бир киши дүкөндөн 3 миң сомдук спирт ичимдигин уурдап чыкты. Бул факты боюнча иш козголуп, ал адамга Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча айып тагылды – олуттуу өлчөмдө жасалган уурулук үчүн. Мындай кылмыш үчүн мыйзамда эң оор жаза катары 3 жылга эркиндигенен ажыраттуу каралган. Башкача айтканда мындай жосун анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет жана жабырлануучун тосмо арызынын негизинде кыскарат (токтотулат).

Бирок, тергөө учурунда уурулук жасаган киши мурда да алдамчылык жана тоноо үчүн эки ирет соттолгондугу аныкталды. Ушуга байланыштуу тергөөчү ага Жазык кодексинин 164-беренесинин 4-бөлүгү боюнча айып койду – уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалган уурулук. Бул жосун болсу оор кылмыш болуп саналат жана жабыр тарткан тараптын тосмо арызы менен кыскартылбайт.

Ошондуктан жабырлануучунун кечирдим, эч кандай доом жок деген арызына карабастан, сот ууруга карата козголгон кылмыш ишин токтотпостон, тескерисинче аны 6 жылгы эркинен ажыраткан. Бүгүнкү күндө ал адам түрмөдө отурган кези.

Эми жаңы Жазык кодексинин «уурулук» деп аталган 200-статьясы өзүнө «уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда» деген кылмыш белгисин камтыбайт. Ушуга байланыштуу соттолгон адам үчүн эркиндике эртереек чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бул үчүн сот кылмышкердик ишин кайрадан карап чыгуусу зарыл. Бул тууралуу «Жаңы кодекстерди колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 7-статьясында кийинкилер көрсөтүлгөн: 

«Эгерде алар соттолгон беренелердин санкциялары жаңы Жазык кодексинин тийиштүү беренелеринин санкцияларынан ашып кетсе, анда кылмыш иштери кайра каралсын».

Ой-пикир кошуу

кирүү