Нотариус болуу үчүн…

Автор: Бекболот Касаболотов

Юстиция министрлиги жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия ала турган талапкерлер үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү ирээтин өзгөртүүнү сунуштаган буйруктун проектин коомдук талкууга чыгарды

“Нотариат жөнүндө” мыйзамынын ылайык жогорку юридикалык билими, юридикалык адистик боюнча кеминде үч жылдык стажы бар, мамлекеттик же жеке нотариустарда алты айлык стажировкадан өткөн, квалификациялык экзамен тапшырган, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариус боло алат.

Бүгүнкү күндө квалификациялык экзамен 110 суроодон турган компьютердик тест аркылуу өтөт.  Суроолордун 70 жана андан көп пайызына жооп берген адам экзаменден өттү деп эсептелгенден кийин, ага нотариалдык иш жүргүзүү укугу бар тууралуу лицензия берилет.

Юстиция министрлиги тарбанынан сунушталган буйруктун проектиси экзамен 3 этаптан тураарын бекитет, алар: 60 суроодон турган компьютердик тест, практикалык тапшырмалар жана аӊгемешелүүдөн турат. Компьютердик тесттин натыйжасында кеминде 50% балл алган талапкерлерге практикалык тапшырмаларга өтүүгө уруксат берилет. Экзамендин бул этабы 15 баллдык шкала менен бааланат. 10 баллдан кем эмес алган талапкерлер аӊгемешелүү этабына өтөт. Жалпысынан экзамендин акыркы этабына өтүү үчүн өткөн 2 этаптын жыйынтыганда кеминде 40 балл алган гана талапкерлер өтөт.

Аӊгемешелүү учурунда талапкерлердин инсандык жана профессионалдык сапаттары, келечектеги жумушу, үмүтү, мотивациясы изилденет. Талапкерлер менен аӊгемени түзүү үчүн министрлик болжолдуу суроолордун тизмесин даярдайт.

Аӊгемешелүүнүн жыйынтыгында конкурстук комиссия төмөнкү мүнөздөгүчтөрдүн негизинде талапкерлерди 20 баллдык шкала менен баалайт:

  • Ишкердик сапаттар;
  • Лидерлик сапаттар
  • Профессионалдык сапаттар
  • Күткөн үмүт
  • Мотивация
  • Пикирин так билдирүү жөндөмү

Эгерде талапкер 3 этаптын жыйынтыгында 55 жана андан көп балл ала турган болса, квалификациялык экзамен ийгиликтүү өттү десе болот.

Минюст буйруктун проектисин жеке нотариалдык ишин жүргүзүү укугун бере турган лицензияны каалаган талапкерлерди тандоо даражасынын сапатын жогорулатуу максатында, жана ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустардын тандоосу бирдей кылуу максантында сунуштаган. 3 этаптан турган квалификациялык экзамен мамлекеттик нотариустарга сөзсүз талап болгондуктан, алардын талаптарын жеке нотариустарга да таралсын деген сунуш киргизилген.

Буйруктун проектисине түзүлгөн маалымдама катта азыркы компьютердик тест аркылуу экзамен өткөрүү ирээти нотариалдык ишин жүргүзгөн адамдардын профессионалдык сапаттарына таасирин тийгизет деп белгиленип турат. Ал эми кандай таасир экендиги так айтылган эмес.

Ошону менен бирге, практикалык тапшырмалар менен аӊгемешелүү этаптарын баалоосунда тактык жок болгондугу белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

Анткени аӊгемешелүү этабын комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн субъективдик оюнунун негизинде, ал эми практикалык тапшырмаларды – эч кандай критерий жок эле баалайт.

Ой-пикир кошуу

кирүү