Эми прокурор райондук соттун өкүмүнө даттанууга милдеттүү эмес

Автор: Замир Жоошев

Райондук соттун чечимине карата областык сотко даттануу прокурордун милдети эмес, бул анын укугу болот. Бул туурасында келе жаткан жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирчү Жазык-процесстик кодексинин 390-беренесинен окуйбуз.

Азыркы учурда колдонулуп жаткан Жазык-процесстик кодексинде (332-статья 4-бөлүк) төмөнкүлөр айтылат: «Биринчи инстанциядагы сотто айыптоону колдогон прокурор ар бир мыйзамсыз жана негизсиз өкүмгө көрсөтүү киргизүүгө милдеттүү».

Башкача айтканда учурдагы Жазык-процесстик кодекси боюнча мамлекеттик айыптоочу «даттанамын же даттанбаймын» деген тандоо укугуна ээ эмес. Себеби кылмыш ишин райондук сот карап жатканда ал айыптоону колдогонуна байланыштуу, соттолуучуга карата кандай гана чечим чыкпасын (актаган же өтө жеңил жаза аныктаган) – анын баары прокурор үчүн мыйзамсыз жана негизсиз боло берет. Ошондуктан айыптоочу бардык учурда мындай чечимге карата көрсөтүү киргизүүсү зарыл болуп калат.

Бирок мындай эреже туура эмес. Анткени прокурор колдогон айыптоо боюнча соттолуп жаткан адам дайыма эле чыныгы кылмышкер болбойт. Мисалы, айыптоочу жазык иши боюнча соттолуучуну каралап жатат, бул учурда жактоочу соттолучунун кылмышка катышы жоктугун далилдеген далил (алиби) таап чыкты дейли. Ал далилге прокурор да сот да ынангандыктан, айыпталып жаткан адам акталды.

Мындай учурда мамлекеттик айыптоочу соттун актоочу өкүмүнө карата даттануусу туура эмес болот. Демек, мыйзам прокурорго «даттанамын же даттанбаймын» деген тандоо укугун берүүсү туура кадам.

Ой-пикир кошуу

кирүү