Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Иллюстрациялык сүрɵт/Pixabay
Тексттин автору: Жибек Кенжебекова
Унаа жол кырсыгынын (мындан ары УЖК) негизги себептеринин бири болуп унаа дөңгөлөктөрүнүн жыртылып, эскирүүсү эсептелет, элде алар “кашка (таз) дөңгөлөк” деп аталат. Дөңгөлөктөгү капкак протекторунун эскирүү себебинен улам УЖКны жокко чыгарууга уруксат берилүүчү нормалар бар.
КРнын Жолдо жүрүү эрежелеринде жазылган: “ Унаанын айдоочусу жолго чыгаардын алдында унаанын абалын текшерүүгө жана транспорт каражатын эксплуатациялоого уруксат берүүчү негизги Жобого ылайык унаанын техникалык абалын камсыз кылууга, эгерде бузук тетиктери болсо, аларды оңдоого, эгер бул мүмкүн болбосо сактык чараларды көрүү максатында унаа токтотуучу жайга же ремонтко барууга милдеттүү”.
Жогоруда эскертилген Жобонун 5-пунктундагы транспорт каражатын эксплуатациялоого жол берилбеген шарттардын жана оңдолбогон тетиктердин тизмесинде төмөнкүлөр жазылган:
Эскертүү: прицептер үчүн дөңгөлөктөрдүн протектор оюуларынын тереңдигинин нормалары сүйрөөчү унаа каражаттарынын дөңгөлөктөрүнүн нормалары менен бирдей.
КР Кодексинин 223 -беренесинде Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү 20- бөлүмүндө, унаа каражаттарын эксплуатациялоо жана кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу боюнча мындай берилген:
“Айдоочулар тарабынан транспорттук каражаттарды башкарууда тормоз, рулду башкаруу системаларынын же сүйрөө-чиркөө каражаттарынын бузуктугу – беш эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү административдик айып салынууга алып келет”.
Аталган макалада дөңгөлөктүн протекторунун эскилиги тууралуу эскертүү жок, бирок аталган Кодекстин 245- беренесинде жазылган: “Жол кыймылынын катышуучуларына башкы Кодекстин 20-бөлүмүндө кѳрсѳтүлбѳгѳн Жол кыймыл эрежелеринин башка талаптарын бузуулар болгон учурда , беш эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү административдик айып салынат.
Маалыматка кошумча толуктоолор: Унаанын техникалык абалынын иштешин айып төлөөдөн качуу үчүн эмес, өзүнүн жана башкалардын коопсуздугун сактоо үчүн кѳзѳмѳлдѳп туруу зарыл, себеби, УЖК кандай кырсыктарга алып келери белгисиз.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]