Видео байланыш аркылуу дистанциялык суракка алуу

Автор: Замир Жоошев 

Видео байланыш режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу мүмкүн болот. Бул туурасында жаңы Жазык-процесстик кодексинин 194-беренесинде айтылат.

Дистанциялык сурак жүргүзүү жөнүндө чечим тергоо учурунда тергөөчунун өз демилгеси же иштин катышуучуларынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Ал эми соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мындай чечим тараптардын өтүнүчү боюнча сот тарабынан кабыл алынат.

Дистанциялык суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) күбөнүн, жабырлануучунун ден соолугунун абалына байланыштуу же башка жүйөөлүү себептерден улам тергөө органына келе албаганда;

2) ишти соттук кароодо адамдын коопсуздугун камсыздоо зарыл болгондо.

Суралып жаткан адам өзү жашаган райондун тергөө органына барып, ошол жерден суроолорго жооп берет. Ал эми суракка алып жаткан тергөөчү өзүнүн кабинетинен эле суроолорду узатат. Мисалы, тергөөчу Бишкек шаарынын Свердлов районунун милиция бөлүмүндө отуруп сурайт, ал эми күбө Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнө келип, ошол жерден жоопторду берет. Сурактын жүрүшү жана жыйынтыктары Балыкчы шаарынын тергөөчүсү тарабынан протоколго чагылдырылат. Аталган протокол 24 сааттын ичинде ишти тергеген тергөөчүгө жиберилет.

Ой-пикир кошуу

кирүү