Акча топто, кредит ал

Cүрөт: Pixabay

Автор: Бекболот Касаболотов 

Жарандардын көбү турак-жай алгысы келгенде такай акча жетишсиздиги менен беттешет. Мындай учурда алардын баары кредит ала албайт, себеп дегенде ал үчүн алгачкы төлөмдү киргизиш керек. Бул көйгөйдү чечүүнүн ыкмасын Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаров сунуштады. Ал коомдук талкууга келишимдик турак-жай аманат институтун сунуштаган мыйзам долбооррун чыгарды.

Мыйзам долбоордун маалымдама катында келишимдик турак-жай аманнаттын механизми 2 этаптан тураары белгиленген: биринчи этапта алгачкы сумма ай сайын төлөнүүчү салым менен чогулат. Экинчи этапта келишимдик турак-жай аманаттын катышуучусу чогултулган акчаны, ага кошулган салымы үчүн төлөмүн жана кредитти ала алат. Жыйынтыгында катышуучу жалпы суммага турак-жайды ала алат же кура алат.

Бул системаны киргизүү үчүн мыйзам долбоорунда атайын “Турак-жай – аманаттык кредиттик компания” деген терминди киргизген. Бул банктык эмес каржылык уюм, анын иши атайын турак жай-аманат салымдарынан катышуучуларынын каражаттарын топтоодо жана катышуучуларга жеке үй курууга, турак-жай алууга же турак-жай шарттарын жакшыртууга багытталган кредиттерди берүүдө турат.

Негизи бул компаниялырдын иши бакнтын ишине тешелүү, демек, аларга депозитты коргоо боюнча талаптар тарашы керек. Мыйзам долбоору болсо жөг гана келишимдик аманаттарды түзүүгө эмес, ошондой эле анын коргоо системасын киргизүүгө жана аны камсыз кылууга багытталган. Демилгечи мындай системанын бар болушу жарандардын турак-жай – аманаттык кредиттик компанияларга ишенимин бекитүүгө жана элдин каражаттарын каржылык секторго тартууга көмөк болот деп ойлойт. Ошентип, депутаттын божомолу боюнча турак-жай – аманаттык креддиттик компаниялардын биринчи эле жылкы ишинин жыйынтыгында 70,5 млн сом тартылышы пландаштарылып жатат.

Ой-пикир кошуу

кирүү