Коркунуч абалда калтыруу

Сүрөт: Pixabay

Автор: Бекболот Касаболотов

Массалык маалымат каражаттарында Чуй областтык ички иштер бөлүмүнө бир жарым жаштагы баланын аялдамада табылганы жөнүндө маалымат түштү деген информация өттү. Кийинчирээк ал баланы анын чоӊ апасы үй-бүлөдө калтыргысы келбегендиги үчүн тыштап койгону билинди. Ушундай нерсеге кандайдыр бир жоопкерчилик барбы?

Чындыгында Кылмыш-жаза кодекси тиешелүү жоопкерчиликти камтыйт. Анын 121-беренесинде жаштыгына, карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамды анын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу абалда жардам бербестен, атайылап таштап кеткенде, эгерде айыпкердин жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болсо же болбосо өзү анын өмүрү үчүн коркунучтуу абалга алып келсе, жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо 5000 сомдон 10000 сомго чейинки айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

Эгерде коркунуч абалда калтыруунун негизинде оор кесепеттерге алып келинсе, айыптуу адам 50000 сомдон 100000 сомго чейинки айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ой-пикир кошуу

кирүү