Мамлекеттик гимн күнү менен!

Автор: Бекболот Касаболотов 

1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому менен композиторлор Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов жана акындар Жалил Сыдыков менен Шабданбек Кулуев менен түзүлгөн Мамлекеттик гимн кабыл алынган.

Мындан 12 жылдан кийин “Кыргыз Республикасынын мамлекттик белгилер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, анда мамлекттик гимн мамлекеттик герб, туу менен бирге мамлекеттик белги катары аныкталган.

Мамлекеттик белгилер өлкөгө мамлекеттүүлүк жана көз карандысыздык сапаттарын берген өзгөчө белги болуп саналат, алар мамлекетти башка өлкөлөрд айырмалап, Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн жарандарын бириктирет. Бул, айрыкча, Мамлекттик гимндин музыкасында жана сөздөрүндө көрүнүп турат.

2012-жылы Жогорку Кеӊештин токтому менен Мамлекеттик гимнден экинчи куплет алынып калган. Ага карабастан гимн өзүнүн наркын жоготпой, дагы деле жалпы тарыхтын, баалуулуктардын жана ачык келечектин жүзү болуп турат.

Мамлекттик гимн күнүнө карата «Precedentinfo» маалымат кызматы сиздерге кызык боло турган “Мамлекттик белгилер жөнүндө” мыйзамынын кээ бир үзүндүлөрү менен таанышууну сунштайт

Мыйзамдын 17-беренеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни төмөнкү учурларда аткарыларын аныктайт:

– Президенттикке ант бергенден кийин Президент кызматына киришүүдө;

– Жогорку Кеңештин кезектеги же кезексиз сессияларын ачууда жана жабууда;

– Мамлекеттик тууну расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда;

– чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда;

– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарына ылайык аскер каадаларын өткөрүү учурунда.

Мыйзамдын 20-беренесинде гимн эл аралык спорттук мелдештерде, жогорку, атайын орто окуу жайларында, жалпы билим берүүчү орто мектептерде жаңы окуу жылын ачууда жана окуу жылы аяктаганда, ошондой эле башка салтанаттуу нш-чаралар учурунда аткарылат деп толукталган.

А 18-беренеде болсо гимн мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу: берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда – күнүгө, ал эми күнү-түнү берүүсүндө – жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет деп бекитилген.

Ошондой эле гимндин угуу эрежелери бар экендигин унутпаш керек. Мамлекеттик гимн расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда – эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын гимнди ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.

Эгерде гимн мамлекеттик тууну көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат.

Ой-пикир кошуу

кирүү