Саламаттык сактоо министрлиги эскертет!

Сүрөт: Pixabay

Автор: Бекболот Касаболотов

Коомдук талкууга 28%дан ашык этил спиртин камтыган алкоголдук продукциянын этикеткасына алкоголдун зыяндуулугу жөнүндө медициналык эскертүүнү жайгаштырууну сунуштаган мыйзам долбоору чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп Жогорку Кеӊештин депутаттары Анвар Артыков менен Мухтарбек Айнакулов чыкты. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде парламентарийлер акыркы 2 жылдын ичинде 18000дей адам алкоголдун кесепетинен жапа тарткан деген маалымат беришти.

Маалым-катта көрсөтүлгөн маалыматка жараша 2016-2017 жылдарында 949 жол кырсыгы болуп, анын ичинде 118 киши каза таап, 906 киши ар кайсыл даражадагы травмаларды алышкан, 783 транспорт бузулган. Ички иштер министрлигини 2016-жылы 9459 киши автоунааны мас абалында айдаган үчүн административдик жоопкерчилиике тартылган, ал эми 2017-жылы 9539 киши деген маалымат берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында жыл сайын наркологиялык кызматка 9000дей киши алкоголдук уулануу менен келишет. Статисткага карап келгенде бул боюнча медициналык жардамды алып жүргөн адамдын саны жылдан жылга көбөйүп жатат.

Сунушталган өзгөртүүлөрдүн милдеттери спирт ичимдигинин зыяндуулугу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунучун азайтуу болуп саналат. Депутаттар күчтүү спирт ичимдиктерин этикеткасында саламаттык эскертүү алкогол продукциясынын керетөөчүлөрүн маалымдоо алар анын бардык кесепетин түшүнүү үчүн керек деп ойлойт.

Мыйзам долбоору боюнча саламаттык эскертүү этикетканын негизги аянтынын кеминде 40%нда жайгаштырылыш керек, эскертүүнүн фонунда өкмөт аныктай турган сүрөттөр же пиктограммалар коюлат

Ой-пикир кошуу

кирүү