Юридикалык жакты каттоо үчүн 100 сомбу?

Автор: Бекболот Касаболотов

Юстиция министрлиги коомдук талкууга юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрнүн) ишин жана ал иштин токтотуусун мамлекттик каттоо үчүн алына турган жыйноо ченин бекитүүнү сунуштаган токтом долбоорун чыгарды

Токтомдун долбоорун кабыл алуу муктаждыгы 2019-жылдын 1-январынан баштап “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзам күчүн жоготуп, Салык эместик кирешелер жөнүндө кодекс күчүнө кирип жаткандыгы менен байланышкан.

Маалымда-катта азыркы мыйзамда мамлекттик катто үчүн төлөм төмөнкү көлөмдөрдө кабыл алынга деп айтылат:

– иш-аракети (Уставды, Жобону) катталгандык үчүн – документтерди берген күнү белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

– Уставды (Жобону) кайра каттагандык үчүн – документтерди берген күнү белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 процент өлчөмүндө.

Ал эми жаӊы кодекстин 45-беренесинде “юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлчүлүктөрүн (филиалдарын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдын ставкаларынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет” деп көрсөтүлгөн

Ошондон улам министрлик юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн төлөмдүн көлөмү эсептешүү көрсөткүчтүн өлчөмүнө, ал эми кайра каттоо үчүн эсептешүү көрсөткүчтүн жарымы болот деп чечти. Эскерте кетсек, эсептешүү көрсөткүч 100 сомга барабар.

Бирок юридикалык жактарды каттоо практикасында арыздануучулардан башка сумма алынат. Юстиция министрлигинин прейскуранты боюнча, мамлеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн арыздануучулар 407 сом төлөшөт

Ой-пикир кошуу

кирүү