Автоматта айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыруу мүмкүнбү?

Иллюстрациялык сүрɵт

Тексттин автору: Жибек Кенжебекова

Акыркы учурда автоматтык которгуч кутудагы (АКК) автоунаалар чоң популярдуулук ала баштады, ал эми механикалык которгуч кутудагы (МКК) автоунаалар тенденциясы жыл өткөн сайын төмөндөп барат, анткени АККнын пайдасындагы факторлор кѳптүк кылат. Бирок биздин жарандар милдеттүү түрдө МККга окушу керек, анткени бүтүрүүчү практикалык сынак дал ушул механикада жүргүзүлөт, автомектептер менен унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин атынан ыйгарым укуктуу орган ушундай билдиришет (УКжана АККД).

Ушуга байланыштуу, биз тараптан бул суроону жөнгө салуучу ылайыктуу Нормативдик Укуктук Актылар (НУА) изилденди.

КР 18.12.2017-жылдагы №819 Токтому менен бекитилген квалификациялык сынакты кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктү берүү эрежелери практикалык сынакты так ошол МККда өтүүнү талап кылбайт.

Ошондой болсо да, бул эрежелер “Практикалык сынак талапкердин даярдыгын ишке ашыруучу окуу уюму камсыз кылган унаа каражаттарында кабыл алынарын” белгилейт. Буга ылайык автомектептердин окуучулары АККда сынак тапшыра алышмак, анткени мектеп АККдагы унаа бере алат, бирок ошондой болсо да ЭКБдө (РЭО) сөзсүз түрдө механиканы талап кылышат.

Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери менен болгон маектин жүрүшүндө ушундай кырдаалдарды белгиледи жана муну айдоочулук күбөлүктө окутуу АКК же МККда жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүүчү белгинин жок экендиги менен түшүндүрдү. Ушунун  негизинде бардык  практикалык сынактар механикада жүргүзүлөт, анткени механикада унаа каражатын башкарууну үйрөнгөндөн кийин, эч ойлонбостон автоматка отурууга болот, ал эми автоматтан механикага отуруу – бул дээрлик коркунучтуу.

Мындай тыянак менен макул болбоого мүмкүн эмес. Бирок, эмне үчүн мыйзамдагы жана практикадагы кемчиликтер үчүн жарандардын тандоо укугу бузулушу керек? Азыркы учурдагы адамга механиканы билүүнүн зарылдыгы жок, жада калса автоунааны өндүрүүчү заводдор көпчүлүк учурда АККга багытталган жана аларды механикага караганда көп өлчөмдө чыгарышат.

Белгилей кетчү нерсе, “Жол кыймылы жөнүндөгү” Вен конвенциясынын нормаларына ылайык, жарандарга тандоо укугу берилиши керек. Кыргызстан буга 12 жыл мурда кошулган жана эл аралык укуктук нормаларга ылайыкталган улуттук мыйзам иштеп чыккан эмес. Ошого карабастан мамлекет финансылык чыгым тартпашы керек. Бул үчүн эмне кылуу керек?

  • тесттик суроолорду бөлүштүрүү керек, анткени тесттерде МККда айдоого байланыштуу суроолор көп;
  • категория  “В” боюнча эле калат, бирок айдоочулук күбөлүккө жогоруда айтылгандай кошумча белги киргизүү керек;
  • мындай унаан айдоо күбөлүгүнүн жоктугу үчүн айып киргизүү.

Ким АККда үйрөнсө, ушундай кутудагы гана унааны айдап жүрө алат. АККдагы айдоочулук күбөлүгү менен, механикадагы унааны башкарууга уруксат берилбейт. МКК унааны башкаруу үчүн окуп үйрѳнүү керек жана өзүнчө категорияга кайрадан практикалык сынак тапшыруусу керек.                Көптөгөн чет өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктү ушундай бөлүү практикасы пайдаланылат, жакынкы коңшу өлкөлөрдөн бул норма Казакстан жана Россияда иштеп жатат. 

Ой-пикир кошуу

кирүү