Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Автор: Замир Жоошев
Жаңы Жазык кодексинин 94-беренесине ылайык кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин төмөнкүдөй мезгил өткөндө анын соттолгондугу жоюлган жана жок деп эсептелинет:
– 3 жыл – анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;
– 7 жыл – оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;
– 15 жыл – өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.
Эгерде жаран жазадан же аны өтөөдөн бошотулган учурда, соттолгондук жазадан же аны өтөөдөн толук бошотулган күнү, же болбосо пробациялык же сыноо мөөнөтү ийгиликтүү аякталган күнү жоюлат.
Эски Жазык кодекси боюнча соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат. Бирок жаңы кодекске ылайык соттолгондукту мөөнөтүнөн мурда сот алып сала албайт, ал болгону жоюулат.
Эске салсак, эски Жазык кодексинин талаптары боюнча соттуулукту жоюу мөөнөтү төмөнкүгө барабар болчу:
Жоопкерчиликти женилдеткен мыйзамдын таасири өткөн убакытка тарайт, ал эми жоопкерчиликти оордоткон мыйзам өткөн убакытка тарабайт. Ошондуктан, мисалы, 2018-жылы оор кылмыш үчүн соттолгон жарандын соттолгондугу ал жаза толук өтөп бүткөндөн соң 7 жылдан кийин жоюулат. 2018-жылы өтө оор кылмыш үчүн соттолгон инсандын соттолгондугу болсо жаза толук аткарылгандан тартып 10 жыл өткөн кийин жоюулууга тийиш.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]