Аталык укугунан ажыратуу жана баладан баш тартуу учурун каттоо

Иллюстративное фото: Pixabay

Автор: Жибек Кенжебекова

Бизге ата-энелик укутарынан ажыратуу жөнүндө суроо боюнча көп кайрылышат турган болду. Көп учурда мындай суроо менен өз күчү менен жалгыз, бир же андан көп балдарын тарбиялап багып отурушкан аялдар кайрылышат. Балдарынын атасы балдардына кам көрүшпөйт, барышпайт, көңүл бурушпайт да жана ошол эле учурда чет өлкөгө чыгуу учурунда тоскоолдуктарды жаратып кыйынчылыктарды туудурат дешет кайрылган аялдар.

Ошондой эле, ал тургай, ажыраша элек аялдар да, ажырашууга арыз менен бирге эле аталык укугунан ажыратуу арызын жазуу боюнча суроолор менен кайрылышат.

Өз ыктыяры менен ата-энелик укуктан баш тартуу мүмкүнбү?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот чечими гана аркылуу ажыратуу каралган, бирок иш жүзүндө өз ыктыяры менен баш тартууга жол берилет.

Кандайча?

  1. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн “баланы тарбиялоодон ыктыярдуу түрдө баш тартуу жана соттун кароосу жок ата-энелик укуктардан ажыратуу өтүнүчү”боюнча Арыз. Нотариуста даяр арыз баракчалары бар.
  2. Мамлекеттик алымды төлөп, сотко арыз менен кайрылып, ата-энелик жоопкерчиликтен качуудан жана да зыяндуу түрдө алимент төлөөдөн баш тартуунун кесепетинен улам, ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө сотко арыз жазасыз. Ыктыярдуу келишимди жана башка сиздин далилдөөчү документтерди тиркөө менен соттун чечимин күтөсүз. Ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө иштер милдеттүү түрдө прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн катышуусунда каралат.

Ата-энелмк укуктарынан ажыратуу менен баланы багууда жардам көрсөтүү милдетинен бошотулбайт. Ата-энеси (алардын бири) ата-энелик укуктарынан ажыратылган бала, турак жайды менчиктөө же пайдаланууга укугу сакталып, ошондой эле мүлктүк укуктарды, анын ата-энеси жана башка бир туугандары менен негизделген жакын туугандык байланышы аркылуу, анын ичинде мураска ээ болуу укугу сакталат.

Ата-энелик (алардын бири) укуктарынан ажыратылган баланы багып алуу үчүн, соттун ата-энелик (алардын бири) укуктарынан ажыратылган жөнүндө чечими кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси жагдайлардын толук тизмесин камтыйт, алардын ичиндеги көрүнүштүн бирөөсү болгон учурда, сотко арыз менен кайрылууга болот. Ал көрүнүштөрдү биз мурда карап өткөн элек.

Ой-пикир кошуу

кирүү