Санарип дүйнѳдѳ адам укуктары

Автор: Бермет Джаныкулова

Сүрөт: Алина Печенкина

We are social дүйнѳ агенттигинин акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнѳ жүзү боюнча 4.5 миллиарддан ашуун адам интернет колдонсо, алардын ичинен 3,8 миллиарды – социалдык тармактардын колдонуучулары. Жер жүзүнүн калкынын 60 пайызга жакыны онлайн форматка тартылган. Азыркы тапта катардагы интернет колдонуучусу быйыл эле ѳмүрүнүн 100 (!) күнүн онлайн ѳткѳрѳт. Бул болсо, күнүнѳ болжол менен 6 саат 43 мүнѳттү түзѳт.

Кыргызстанга келе турган болсок, ѳлкѳнүн 15 жаштан жогорку курактагы калкынын 63%га жакыны интернетти регулярдуу колдонушат, ал эми булардын ичинен 15 жаштан 28 жашка чейинки жаштар эӊ активдүү колдонуучулар болуп эсептелет.

Интернетти керектѳѳ деӊгээлинин жогорулаганына карабастан, тармактын колдонуучуларынын санариптик сабаттуулук деӊгээли тѳмѳн бойдон калууда. Мунун натыйжасында кибералдамчылык учурлары барган сайын күч алып, киберчабуулдардын курмандыгы болгон жарандардын саны ѳсүүдѳ.

Оффлайн форматта ар кандай коркунучтар менен тобокелдерден коргонуунун жолдорун ата-энелерибиз, мектеп, мамлекет үйрѳтѳт. Маселен, бейтааныш кишилердин унаасына отурбоо, тамактануунун алдында колдорду самын менен жууш керек экендиги тууралуу жѳнѳкѳй эрежелерди эстеп кѳргүлѳчү? Биз реалдуу дүйнѳдѳгү ѳз укуктарыбызды билебиз, коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелерин сактайбыз. Ал эми санарип дүйнѳдѳчү?

“Прецедент” ѳнѳктѳштүк тобу интернет доорундагы сиздин санарип укуктарыӊызга арналган материалдардын сериясын чыгарууга киришти. Сизге санарип дүйнѳдѳгү окуялар жана аны жѳнгѳ салуучу мыйзамдар боюнча түшүндүрмѳлѳрдү беребиз.   

Дүйнѳ жүзү ѳзгѳрдү, аны менен кошо интернет мейкиндигине карата сиздин мамилеӊиз жана мамлекеттин мамилеси да ѳзгѳрүүгѳ тийиш.    

Ой-пикир кошуу

кирүү