Смартфондун ПИН-кодун бербѳѳ укугу

Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрѳт: Алина Печенкина

Телефон адамдардын жашоосуна ѳтѳ тездик менен кирип, анын ажырагыс бѳлүгүнѳ айланды. Жашоону социалдык тармактар, алар аркылуу баарлашуулар, жарыялоолор жана стористер жок элестетүү дээрлик мүмкүн эмес. Телефондор саат, коӊгуроо саат, календарь жана органайзердин кызматын гана аткарбастан, почта, фотоальбом, аудио жана видео кассеталардын жыйнагы, капчык дагы боло алат. Колуна телефон алып, адамдар жашоо үчүн каражат дагы таба алышат. Ал эми адамдан телефонун бѳгѳттѳн чыгаруусун талап кылган учурда, албетте, ал макул болбойт. Эгерде тергѳѳчү сизден зордоп телефонуӊузду бѳгѳттѳн чыгарууну талап кылса, эмне кылышыӊыз керек?

1

Мыйзам эмне дейт?

Эч кайсы жердин мыйзамдарында тергѳѳчүнүн ѳтүнүчү боюнча телефонуӊузду бѳгѳттѳн чыгарууга милдеттүү экениӊизди кѳрсѳткѳн ченемдер жок. Ошондой эле тергѳѳчүгѳ түзүлүшүӊүздүн ПИН-кодун берүүгѳ милдеттүү эмес экениӊиз жѳнүндѳ да ченемдер жок. Бирок каалабасаӊыз, телефонуӊузду бѳгѳттѳн чыгарбай коюуга укугуӊуз бар.

Эмне үчүн? Сиздин телефонуӊуз – бул сиз тууралуу маалыматтардын казынасы. Ѳзүӊүз мыйзамсыз эч нерсе жасаган жокмун деп эсептеген күндѳ да бул маалыматтардын ар бири сизге каршы колдонулуп калышы ыктымал. Мындай абалда Конституциянын 57-беренеси колдонулат: эч ким ѳзүнѳ, жубайына жана жакын туугандарына  каршы  күбѳлүк кылууга жана кѳрсѳтмѳ берүүгѳ милдеттүү эмес. Ошондуктан сот дагы сизди бардык шартбелгилерди берүүгѳ мажбурлай албайт.

2

Мени тинтип жатышат. Эмнелерди билишим керек?

Тергѳѳчү керектүү буюмдар менен документтерди алыш үчүн шектүүнү тинтүүгѳ укуктуу экени эсиӊизде болсун.

Тергѳѳ судьясынын токтому жок жекече тинтүүгѳ тѳмѳнкү учурларда жол берилет:

  • шектүүнү кармаган учурда
  • аны камакка алганда
  • эгерде тинтүү ордунда адам иш үчүн маанилүү буюмдар менен документтерди жашырып жаткан болсо.

Сот тинтүү жана алып коюу ѳндүрүшүнѳ санкция бериши мүмкүн жана алардын жүрүшүндѳ түзүлүштѳрүӊүздү алып коюшат. Жүргүзүлгѳн тинтүү жана алып коюу жѳнүндѳ протокол түзүлѳт. Анда буюмдар менен документтер кайсы жерде жана кандай жагдайда алынганы, кандай абалда экени, кантип сакталганы, ѳз эрки менен берилдиби же мажбурлоо жолу менен алындыбы ж.б. жагдайлар жазылат.

Алынган буюмдардын баары протоколдо кѳрсѳтүлүп, алардын так саны, ѳлчѳмдѳрү, салмагы, индивидуалдуу белгилери жана мүмкүн болсо баалары жазылат. Тинтүү процессинде кѳп сандагы буюмдар алынган учурда алардын атайы сыпаттамасы түзүлѳт да, протоколдо чагылдырылып, анын түзүүчү бѳлүгү болот.

3

Эгер телефонду бѳгѳттѳн чыгарууну талап кылышсачы?

Бул учурда да түзүлүшүӊүздү бѳгѳттѳн чыгаруудан баш тарта аласыз. Албетте, девайстарыӊыз ар кандай шартбелгилер, пин-коддор, графикалык ачкычтар менен корголууга тийиш. Алар жок укук коргоо органдарынын кызматкерлери түзүлүштѳгү маалыматтарды оӊой эле ала алышат.

Эгер смартфонуӊуздун корголуу деӊгээли Touch ID же Face ID менен гана чектелсе, анда коргоону күчѳтүп, аларды алып салган оӊ. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери оӊой эле бармагыӊыздын изин алып коюшат да. Мындай учурда тергѳѳчүлѳрдүн аракеттери боюнча прокурорго же тергѳѳ судьясына даттанууга болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү