Социалдык тармактардагы коркутуп-үркүтүүлѳр. Кандай реакция кылуу керек?

Автор: Эдил Эралиев

Сүрѳт: Алина Печенкина

Эгер сиз социалдык тармактарды активдүү колдонсоӊуз, посттордун алдындагы комментарийлерден коркутуп-үркүтүүлѳрдү алган болушуӊуз керек, ал тургай кара санатай колдонуучудан сиздин фотосүрѳтүӊүз чагылдырылган ѳзүнчѳ пост да жарыяланган болушу ыктымал. Кѳбүнчѳ коркутуп-үркүтүүлѳр – диван сынчыларынын ээн ооз кептери.

1

Мага социалдык тармактардан коркутуулар келип түшүүдѳ. Эмне кылышым керек?

Алгач коркутууну квалификациялоо зарыл. Жазык мыйзамдарында «ѳмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жараткан зомбулук колдонуу менен коркутуу» деген берене бар. Мындан тышкары, зордуктоо, бачабаздык, лесбияндык же бузуку формадагы сексуалдык мүнѳздѳгү башка аракеттер, террордук актты ишке ашыруу менен коркутуп-үркүтүүлѳргѳ карата ѳзүнчѳ кылмыш жоопкерчилиги каралган.  Ошондой эле жазык кодексинде расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздыкты), анын ичинде социалдык тармактар аркылуу козутуу үчүн жаза каралган. Башкача айтканда, бирѳѳнүн мурдун жарууну кылмыш деп сыпатталбашы деле мүмкүн, бирок бирѳѳ сизди колу-бутуӊузду жулуп алуу, зордуктоо, жардырып кетүү менен коркутса – бул кылмыш жазасы каралган жорук жана ага карата сѳзсүз реакция кылыш керек.  

Кылмыш жоопкерчилиги мындай коркутуп-үркүтүүнүн чындап ишке ашырыла тургандыгы боюнча жетиштүү негиз болгон учурда гана карала тургандыгын эстен чыгарбаш керек. Далилдердин жетиштүүлүгү коркутуулардын текстинен жана жыштыгынан белгилүү болот.

2

Андан ары эмне кылуу керек?

Кылмышты квалификациялаган соӊ, коркутуп-үркүтүүнүн реалдуу мүнѳздѳ экендигине байланыштуу далилдерди топтоо талап кылынат. Далилдерди топтоонун жолдорунун бири болуп, коркутуулардын скриншотун нотариустун тастыктоосу эсептелет. Башкача айтканда, нотариуска барып, социалдык тармактагы баракчаӊызды карап чыгуунун актысын түзѳсүӊѳр, анан аны нотариус тастыктап берет. Коркутуп-үркүтүү келип түшкѳн соӊ, дароо аны скриншоттоп коюуну унутпаӊыз, Себеби автор постун же комментарийди ѳчүрүп салышы мүмкүн.

Башка жагдайлар да далил боло алат. Маселен, эгер коркутуп-үркүтүүлѳр башталгандан бери сизге жаназа гүлдѳрүн жибере башташса, же болбосо сизди аӊдып жүргѳндѳрүн байкап калсаӊыз, бул далилдерди да сѳзсүз кошуп, тиркеп коюш керек.

3

Милицияга арызды кантип жазса болот?

Жасалган кылмыш тууралуу милицияга арыз жазыш керек. Арызда болгон окуяны ийне-жибине чейин баяндап, ким, качан, кандай жагдайда ж.б. маалыматтар кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. Арызга коркутуп-үркүтүүлѳрдүн нотариустан тастыкталган скриншотторун тиркеп койгонду унутпаӊыз. Арызыӊыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталууга тийиш. Андан кийин кылмыш тууралуу арыздын кабыл алынгандыгы жѳнүндѳ документ беришет. Документте кабыл алган милиция кызматкеринин аты-жѳнү, каттоо убактысы жана КЖБРдеги каттоо номери кѳрсѳтүлѳт. Эгерде милиция кызматкерлери арызыӊызды кабыл алып, каттоодон баш тартса, анда аларга кылган иш-аракети үчүн 357- берене боюнча  (жасалган кылмыш же жорук тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашыруу) жоопко тартыла тургандыгын эскертип коюу зарыл.

4

Тергѳѳ кандай ѳтѳт?

Тергѳѳ органдары арызыӊызды тергѳѳгѳ чейинки текшерүүдѳн ѳткѳрүшѳт. Тергѳѳ сизге коркутуп-үркүтүүлѳрдү жѳнѳткѳн адамдын ѳздүгүн тактоого тийиш. Кѳп учурда социалдык тармактар аркылуу  коркутуп-үркүтүүлѳрдү жолдогон адамдар фейк аккаунттарды пайдаланышат. Ѳздүгү такталган соӊ, кылмышты аныктоого жана анын бетин ачууга багытталган тергѳѳ иш-аракеттери жүргүзүлүүгѳ тийиш.

Эгерде тергѳѳ керектүү бардык тергѳѳ амалдары аныкталып, материалдардагы далилдер менен шектүүнүн күнѳѳсү далилденгенин кѳрсѳтсѳ, ишти прокуратурага ѳткѳрүшѳт, ал жерден ийгиликтүү текшерилген соӊ, сотко жѳнѳтүлѳт.

Ой-пикир кошуу

кирүү