Соцтармактарда лайктар, репосттор жана жарыялоолор үчүн кандай жоопкерчилик келип чыгышы мүмкүн?

Автор: Бекболот Касаболотов

Cүрөт: Алина Печенкина 

Жакында эле Kaktus Media басылмасы мурун Фейсбуктан жазган комментарийи үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган Камран Шенваринин колониядан чыккандыгы тууралуу жазып чыкты. Ал акталган жок, эркинен ажыратуунун ордуна 300 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ айыппул салышкан. Бул – акыркы жылдарда социалдык тармактарда материалдарды бѳлүшкѳндүгү үчүн колдонуучулар жоопко тартылган кѳп мисалдардын бири гана.   

1

Социалдык тармакта «лайк» үчүн жоопкерчилик каралганбы?

Жок, бирок практикада муну далилдеш керек. Мисалы, 2016-жылы соттолгон диний ишмер Рашод Камаловдун  «Одноклассники» социалдык тармагындагы жарыялоосуна лайктын аналогу «класс» баскандыгы үчүн Абдулло Нурматов аттуу жаранды кармашкан. Натыйжада экстремисттик мазмундагы материалдарды сактоо жана жайылтуу деген айыптоо менен ал шарттуу түрдѳ бир жылга соттолгон.  

Түрмѳктүн хроникасында «лайкты» сактоо жана аны башка кишилерге кѳрсѳтүү  ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен укук коргоо органдары бул жагдайды жогорудагы мисалда айтылгандай, экстремисттик мазмундагы материалдарды, же болбосо экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын сактоо жана жайылтуу менен барабар деп сыпатташат.  

2

Ал эми репост же share публикацияны жайылтуу менен барабарбы?

Ооба, мааниси боюнча бул жарыялоону бѳлүшүү мүмкүндүгүн берген функция, демек, публикация жайылат. Ошондуктан, ѳзүӊүз жарыялап жаткан нерсеге сѳзсүз кѳӊүл бурушуӊуз керек.  

3

Анда кандай публикацияларга «лайк» басуу жана репосттоо, ошондой эле кандай публикацияларды жарыялоо үчүн жоопкерчиликке тартылат?

Тѳмѳндѳ тармактарда жарыялоолорго карата колдонуу мүмкүн болгон Жазык кодексинин беренелеринин айрым гана мисалдары келтирилген.

242-берененин 2-бѳлүгү. Массалык маалымат каражаттарын же Интернет тармагын колдонуу аркылуу террордук ишти жүзѳгѳ ашырууга  ачык чакырыктар

 

 

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
241-берене. Террордук ишке кѳмѳктѳшүү

Ушул Кодекстин 239, 240, 244, 248, 312, 387-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды тартуу же террордук уюмдун ишине катышууга адамды көндүрүү же аталган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, окутуу, же болбосо даярдоо

III категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
264-берененин 3-бѳлүгү. Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар III категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
310-берененин 2-бѳлүгүнүн 1-пункту. Массалык маалымат каражаттарын же маалымат-коммуникациялык тармактарды колдонуу аркылуу бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айыппул же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
313-берененин 1-бѳлүгү. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагынын жардамы менен жасалса III категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

 

315-берененин 1-бѳлүгү. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат
385-берененин 1-бѳлүгү. Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды кандай гана формада болбосун жайылтуу II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат

Мындан тышкары, социалдык тармактардагы жарыялоолорго байланыштырылган кылмыштар менен жоруктардын башка түрлѳрү да бар экенин эстен чыгарбаш керек. Мисалы, ѳмүрүнѳ коркунуч жаратуу, алдамчылык, порнографияны жайылтуу.

Анын үстүнѳ, социалдык тармактардагы публикацияларда кылмыштын белгилери жок болсо, эч кандай жоопкерчилик болбойт дегенди түшүндүрбѳйт. Мисалы, ар-намыска жана кадыр-баркка шек келтирген жарыялоолор үчүн жарандык тартипте жоопкерчиликке тартылат.  

Ой-пикир кошуу

кирүү