Кыргызстанда интернет-баракчаларын бѳгѳттѳѳ

Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрѳт: Алина Печенкина

Сиздин социалдык тармактардагы аккаунттарыӊыз же интернет-баракчаӊыз Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде бѳгѳттѳлүп калышы мүмкүн экенин билесизби? «24.kg» маалымат агенттигинин билдирүүсүнѳ ылайык, 2019-жылы эле 100дѳн ашуун сайт жана социалдык тармактардагы 300дѳн ашуун аккаунт бѳгѳттѳлгѳн. Бул кандайча ишке ашат?

1

Кайсы учурларда бѳгѳттѳп коюшат?

Негизинен, бѳгѳттѳѳ маалыматтык материалдарды экстремисттик же террордук мүнѳзгѳ ээ деп кабыл алуу максатында ишке ашырылат.

Экстремисттик материалдар кагаз жүзүндѳ, материалдык ташуучуларда (CD, DVD, флешкалар жана башка физикалык топтогучтарда), ошондой эле интернетте жарыялоолор түрүндѳ да болот. Ушул себептүү мамлекет коомго карата потенциалдуу же реалдуу коркунуч жаралышынын алдын алуу максатында алардын жайылышына жол бербѳѳ чараларын кѳрѳт.  

2

Мени бѳгѳттѳп салышты. Эмне кылуум керек?

Биринчиден, аккаунтуӊуздун чындап бѳгѳттѳлгѳнүн аныктап чыгуу зарыл. Бул үчүн ѳзүӊүз катталган социалдык тармактын колдоо кызматына кайрылыӊыз. Эгерде социалдык тармак аккаунтту бѳгѳттѳѳ боюнча эч кандай иш-аракет аткарбаса, провайдериӊизге жана байланыш операторуна кайрылыӊыз. Соттун чечими менен аккаунтуӊузга бѳгѳт коюлганы ырасталса, ал эми сиздин сот жѳнүндѳ эч кандай кабарыӊыз болбой, жарыялоолоруӊузда мыйзамсыз эч нерсе жок экенин ишенимдүү билдире алсаӊыз, анда соттун чечимине карата даттануу менен кайрыла аласыз.  

3

Бѳгѳттѳѳ кандайча ишке ашат? Мен эмнелерди билишим керек?

Ошентип, мындай материалдарды аныктап чыккан соӊ прокурор аларды экстремисттик деп таануусу үчүн сотко арыз менен кайрылат.

Материалдар экстремисттик деп таанылгандан кийин аларды сактоого, бир жерден экинчи жерге ташууга жана жайылтууга тыюу салынат. Бул талапты бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Прокурор соттон материалдардын интернетке жарыяланышына тыюу салуусун, талаштуу аккаунттар менен баракчаларга интернет колдонуучуларынын кирүүсүнѳ тыюу салуусун же чектѳѳ киргизүүсүн ѳтүнүшү мүмкүн. Прокурордун бардык чектѳѳлѳрү Кыргызстандын аймагында күчкѳ ээ болот.   

Прокурордун арызын сот кабыл алган күндѳн тартып үч күндүн ичинде карап чыгууга тийиш. Кошумча текшерүү үчүн убакыт талап кылынган учурда – беш күндүк мѳѳнѳттѳн кеч эмес убакыт ичинде карап чыгат. Соттук териштирүү талапты койгон прокурордун жана арызда кѳрсѳтүлгѳн кишилердин жүргѳн жери белгилүү болсо, алардын  катышуусунда ѳтѳт.  

Албетте, сот тарабынан чыгарылган чечим мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш. Ошондуктан сот тарабынан бардык далилдер изилденип чыгып, тийиштүү баа берилиши керек. Кѳп учурда айыптоо үчүн негизги далил катары, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын корутундулары, интернет-баракчаларда же социалдык тармактардагы аккаунттарга жайгаштырылган маалымат материалдарынын кѳчүрмѳлѳрү кызмат кылат.  Соттун чечими күчүнѳ киргенден кийин чечимди жарыялоосу үчүн Юстиция министрлигине жиберилет.

4

Бизде сайттар менен аккаунттарды бѳгѳттѳѳ үчүн техникалык мүмкүнчүлүктѳр барбы?  

Албетте, техникалык жактан соттун чечиминин аткарылышын камсыздоого болот. Интернет-провайдерлердин экстремисттик мазмундагы маалымат материалдарын жайгаштырган сайттар менен аккаунттарга кирүү мүмкүндүгүн чектѳѳ үчүн техникалык шарттары бар, ал эми мамлекеттик аппарат бул үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ.

Прокуратура дагы материалдар экстремисттик мүнѳзгѳ ээ болбогон учурда деле аларды мыйзамсыз деп таануу, колдонуучулардын интернет булактарына кирүү мүмкүндүгүн техникалык жактан камсыздоого тыюу салуу жана токтотуу боюнча сотко арыз менен кайрыла алат.

Маселен, былтыркы жылдын август айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баӊгизаттарды онлайн сатуу иш-аракеттери жүргүзүлгѳн 4 веб-ресурска, 11 каналга жана «Telegram» маалымат тармагындагы аккаунттарга тыюу салуу боюнча прокуратуранын арызын карап чыккан. Аталган баракчаларда баӊгизаттарды онлайн сатуу аракеттери тастыкталгандыктан, сот прокурордун арызын канаттандырган. Ошентип, материалдарга гана эмес, аларды жайылткан каналдар, платформаларга да тыюу салынат.  

Кыргызстанда экстремисттик материалдарды жайылтууга каршы күрѳшүү механизмин натыйжалуу деп атоого болбойт, анткени тыюу салуулардан кутулуп кетүү мүмкүн, жаӊы интернет-баракчаларды, аккаунттарды жаратуудан баштап VPN сервистерин, атайы браузерлерди колдонууга чейинки түрдүү санарип мүмкүнчүлүктѳр буга шарт түзүп берет.

Ой-пикир кошуу

кирүү