Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрөт: Pixabay

Мурунку материалдарда Precedentinfo жеке маалыматтарга болгон укуктар жөнүндө баяндаган. Мында болсо, сиздин жеке маалыматтарыӊызга карата мыйзамсыз аракеттер жасалган учурда эмне кылуу керек экендиги тууралуу айтып беребиз. 

Конституция референдумунда кабыл алынган жаӊылыктардын бири болуп, жеке маалыматтарды коргоо боюнча конституциялык кепилдиктерди регламенттөө эсептелет. Конституциянын 62-беренесинде мамлекет ар бир жаранына алардын жеке маалыматтарынын корголушун кепилдей турганы жазылган. Жарандардын жеке маалыматтарына мүмкүндүк алууга, аларга ээ болууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. 

Мындай конституциялык кепилдик «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзам менен чогуу сиздин укуктарыӊыздын корголушу үчүн эӊ мыкты негизди түзө алат.

Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, жеке маалыматтардын субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарына карата мыйзамсыз аракеттер аткарылды деп эсептеген учурда, ал аракеттерге каршы сот тартибинде даттанууга укуктуу.  Мында жеке маалыматтардын субъектиси сот тартибинде келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Анткен менен, келтирилген чыгымдар боюнча кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Жарандык кодекске ылайык, укуктары бузулган киши мыйзамда же мыйзамга шайкеш келген келишимде башка жагдайлар каралбаган учурда өзүнө келтирилген чыгымдардын толугу менен төлөнүп берилишин талап кыла алат.

Жарандык кодекстин 14-беренесинин 2-бөлүмүндө чыгымдар катары төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:

  • укугу бузулган адам тарабынан бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн тартылган же тартылууга тийиш болгон чыгымдар, анын жок болгон же зыянга учураган (айкын келтирилген зыян) мүлкү;
  • эгерде укугу бузулбаса, граждандык мамилелердин кадыресе шартында ушул адам тарабынан алынбай калган кирешелер (пайда көрбөй калуу).

Эгерде укукту бузган адам ушунун натыйжасында киреше алса, укугу бузулган адам башка тарткан зыяндарды, алынбай калган пайдасы менен катар ушундай кирешелерден кем эмес өлчөмдө ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Ошентип, негизги көйгөй укукту бузган кишинин сиздин жеке маалыматтарыӊызга карата мыйзамга ылайык келбеген аракеттери менен сиз үчүн чыгым катары жаралган кесепеттердин ортосундагы себеп-натыйжалык байланышты далилдөө кыйынга туруп калат. Албетте, пайда болгон чыгымдарды да далилдеш керек.

Моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча жагдай башкача. Жарандык кодекс боюнча, жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузган, же жаранга таандык материалдык эмес жыргалчылыкка же жеке мүлктүк эмес укуктарына кол салган аракеттер аркылуу моралдык зыян (физикалык же ички сезимге тийиштүү жапа чегүү) келтирилген учурда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда сот укук бузуучуга келтирилген зыяндын ордун акчалай толтуруу милдетин жүктөй алат. 

Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн белгилөөдө сот тарабынан укук бузган кишинин күнөөсүнүн даражасы жана башка көӊүл бурула турган жагдайлар эске алынууга тийиш. Албетте, моралдык зыяндын ордун толтурууда сиз жапа чегүү даражасы боюнча субъективдүү ишенимдериӊизге таянып каалаган сумманы талап кыла аласыз.  Бирок сот өз ишенимдерине негизделип чечим чыгарат, ошондуктан ири суммага көз артуунун деле кереги жок.  

Мындан тышкары, сиз өз укуктарыӊызды бузган же алардын бузулушу үчүн коркунуч жараткан аракеттерди токтотуу боюнча доо арыз менен кайрыла аласыз.

Доо арыздын формасы жана мазмунуна карата коюлган талаптар менен шилтеме аркылуу биздин мурунку материалдардын биринен тааныша аласыз.  

Ой-пикир кошуу

кирүү