Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрөт: Алина Печенкина

Дүйнө өз ордунда турбайт, адамдар, коом, мамлекеттер, технологиялар өнүгүүнүн үстүндө. Кылмышкерлер жана кылмыштар дагы бул жаатта артта калбайт. Мындай кылмыштардын бири өздүктү уурдоо болуп калды. Кылмыш-укуктук квалификациясынын маселелери жөнүндө бул материалда ой жүгүртөбүз.

Терминдин өзү «identity theft» англис сөзүнүн котормосу, АКШда өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын ортосунда кеңири тараган. Термин адамдын өздүк жеке маалыматтарын  мыйзамсыз чогултуу жана колдонуу дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан котормодо адам жеке өздүк маалыматтар контекстинде колдонулат. 

Ушул сыяктуу кылмыштар түзмөктү хакердик чабуул кылуу менен (телефондор, компьютерлер ж.б.), зыяндуу программа жана вирустар, фишинг, социалдык инженерия жана чыныгы документтерди, банк карталарын уурдоо менен ишке ашырылат.

Негизи, кылмыштын башкы максаты бул материалдык пайда. Адамдын жеке өздүк маалыматтарына ээ болгон кылмышкерлер аларды сатып ийиши мүмкүн, жасалма документтерди жана насыя алууга, ар кандай сатып-алуу операцияларын жүргүзүү үчүн  колдонушу мүмкүн. Кылмышкерлер адамдын жеке өздүк маалыматтарын башка кылмыш кылуу үчүн колдонгон учурлар бар: алдамчылык жана опузалоо. Бирок башкача болушу дагы мүмкүн. Мисалы, уурдалган маалыматтар куугунчулардан качкан адамдын өздүгүн жашыруу үчүн же мыйзамсыз иштер үчүн; дарыгердин гана рецеби менен сатылуучу наркотикалык жана психотроптук заттарды, дары-дармектерди сатып алуу, жана дагы адамдын аброюн жок кылуу максатында.

Кылмыштын ыкмасына жана максатына жараша иш-аракеттердин квалификациясы оор болуп калат.

Уурдоодон баштайлы. Кылмыш-жаза кодексинин 200 беренесине ылайык олуттуу өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо үчүн жоопкерчиликке тартат. Жеке өздүк маалыматтар мүлк болуп эсептелбейт, демек бул берене сиздин капчыгыңыздан 10 000 сом жана документтериңиз менен банк карталарынын  уурдалгандай колдонулат. Эгер капчыкта акча жок болуп, документ жана кылмышкер кирүү ала албаган банк картасы  болса, анда  майда уурулук беренеси (эгер капчык жана капчыктагы мүлктүн баасы 10 000 сомдон ашпаса). Банк картасындагы 10 000 сомдон жогору акча каражатын пин-код терүү менен чыгарып алган болсо уурулук деп эсептелиши мүмкүн. Бирок мындай учурда мыйзамсыз колдонуу аркасынан жеке өздүк маалыматтарын уурдоо эмес, мүлктү уурдоо боюнча жоопкерчиликке тартылат. Ушуга эле окшош абал бирөөнүн мүлкүн ден-соолукка жана өмүргө зыян же  мындай зомбулуктун коркунучу менен (каракчылык)  күч колдонуп ачык ээлеп алуу.

Кылмышкер жеке өздүк маалыматтар жана тийиштүү сыр сөз болуп кала турган мүлккө тийиштүү документтерди талап кылса анда ал башка иш. Бирок адатынча  өздүктү уурдоодо опузалоо жеке өздүк маалыматтар уурдалгандан  кийин уурдалган  өздүктү колдонууну токтотуу талабы үчүн колдонулат.  

Алдамчылык дагы өздүктү уурдоодогу жоопкерчиликти көрсөтпөйт, бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө ээ болууну алдамчылык жана ишенимге кыянат кылуу жоопкерчилигин болжолдойт.

Кылмыш-жаза кодексинин 304 беренесине ылайык  бирөөнүн кайтаруудагы компьютердик  маалыматын жок кылуу, блокко түшүрүү, өзгөртүү же көчүрүү жана атайын же кокустуктан  чоң зыян келтирүү, төмөнкү кесепеттерге алып келет:

1) эки же андан көп адамдын ден-соолугуна жеңил  жаракат келтирүү;

 2) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин бузуу;

3) айлана-чөйрөнү олуттуу булгоо, уулантуу, жугузуу;

4) олуттуу материалдык зыян келтирүү (мүлк) (100 000 сом);

5) мамлекеттик органдын, ишкана, менчик формасына көз каранды эмес мекемелердин жумушуна узак убакыт тоскоол болуу;

6) мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү;

7) олуттуу зыян келтирилгенин күбө болгон  башка кесепеттер, эгерде мыйзамда оор жана өтө оор деп көрсөтүлбөсө.

Формалдуу кылмышкерлерди бул берене менен жоопко тартса болот, анткени мыйзамсыз башка адамдын  компьютердик маалыматка кирүү, конституциялык укуктардын бузулушуна же 100 000 сомдон жогору зыян келтирүү адамдын өздүгүн уурдоо болуп саналат. Бирок ошол учурда берене конкреттүү эмес өздүк уурдоо боюнча, кылмыш жасоо конституциялык укуктардын бузулушуна алып келет, маалыматты көчүрүү  мүлккө зыян келтирүү деп эсептелбейт, анткени ал үчүн дагы кандайдыр бир кылмыш иш-аракеттер жасалышы керек.

Эгер конкреттүү жеке маалыматтар жагынан караганда  кылмыш-жаза кодексинин 186-  беренесинде жеке жашоонун кол тийбестиги, мындайча айтканда мыйзамсыз маалымат чогултуу, сактоо, колдонуу жана адамдын жеке жашоосу жөнүндө анын макулдугу жок конфиденциялык маалыматты таратуу жоопкерчиликке тартуу каралган. Бирок бул беренеде кылмыштын максаты каралбайт: материалдык жана башка пайда  көрүү.

Жогоруда айтылгандай  көп аракеттер менен эптеп «ууруну» жоопко тартса болот, бирок практикада кээ бир оорчулуктарга алып келгидей, жактоо мыйзамдагы кемчиликтерге таянышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу өздүктү уурдоо боюнча аныктоо жана кылмыш-укуктук квалификация киргизүү актуалдуу болуп турат. 

Ой-пикир кошуу

кирүү