Онлайн-шопингдин эрежелери: интернеттен коопсуз сатып алуунун жолдору

Автор: Ильяна Жедигерова

Сүрѳт: Алина Печенкина

Онлайн-шопинг салттуу дүкѳн кыдырууларга караганда убакытты кыйла үнѳмдѳйт. Тилекке каршы, сатып алуулар үчүн жалган сайттарды түзгѳн жана адамдарды алдоо үчүн башка тактикаларды колдонгон кибер кылмышкерлердин дагы активдүүлүгү ошончолук жогору.

Интернеттен коопсуз сатып алуунун кандай жолдору бар экенин карап чыгабыз.

1

Онлайн сатып алууда жеке түзүлүштѳрдү гана пайдалануу зарыл

Сатып алууларды ишке ашыруу максатында ѳзүӊүздүн интернет- же мобилдик банкингиӊизге жеке компьютериӊизден, планшетиӊизден же смартфонуӊуздан гана кириӊиз. Муну менен бирге, түзүлүштѳрдүн ар бирине антивирус орнотуп, аны дайыма жаӊылап туруӊуз. Интернеттеги каттоо жазууларыӊыздын ар бири үчүн уникалдуу шартбелгилерди колдонгонуӊуз туура.

2

Маркетплейстердин коопсуз сайттарын тандаӊыз

Кибер кылмышкерлер чыныгы сайттардын тышкы кѳрүнүшүнѳ окшош жалган интернет-дүкѳндѳрдү түзүп чыгышат. Мүмкүн болушунча жакшы билген, ишенимдүү жана мурда иштешип жүргѳн интернет-дүкѳндѳрдѳн соода кылыӊыз.  

Веб-сайт мурун сиз колдонгонго окшош, бирок анын домендик аты же дүкѳндүн аталышы башкача болсо, абайлаӊыз. Мисалы, сиз Amazon интернет-дүкѳнүнѳн товар сатып алып жүрѳсүз. Веб-сайттын дареги: www.amazon.com. Ошондой эле веб-сайтынын дареги дал ушундай, бир гана «о» тамгасы «0» саны менен алмаштырылган жалган дүкѳнгѳ кабылып калышыӊыз ыктымал.

3

Коопсуз сатып алуулардын системасын колдонуӊуз

Тѳлѳѳ баракчасына киргенде 3D-Secure технологиясынын жардамы менен корголгон программалардын логотиптерин издеӊиз, маселен, Visa (Verified by Visa) жана MasterCard (MasterCard SecureCode).

4

3D Secure кандайча иштейт?

Сервисти активдештирген сайын аталган карта менен программага катышкан интернет-дүкѳндѳрдѳн сатып алууларды ишке ашырууда шартбелгини киргизүү сунуш кылынат. Шартбелги бир гана жолу колдонулат (бир гана сатып алуу үчүн) жана сиз банкка берген мобилдик телефондун номерине жѳнѳтүлгѳн SMS-билдирүү аркылуу берилет. Шартбелгини ийгиликтүү киргизгенден кийин тѳлѳм кабыл алынат. Кодду эч кимге бербеӊиз, аны тѳлѳѳ баракчасындагы атайы талаага жазыӊыз.

5

Интернеттен сатып алуулар үчүн ѳзүнчѳ карта

Маалымат коопсуздугу боюнча адистер интернет аркылуу сатып алуулар үчүн ѳзүнчѳ карта пайдаланууну сунушташат. Эгерде сиз бул ыкма менен кѳп сатып алсаӊыз, анда ѳзүнчѳ карта колдонгонуӊуз туура. Картага сарптай турган сумманы гана которосуз.   

Муну менен бирге, шек жараткан тѳлѳмдѳрдү аныктоо максатында банктык карта боюнча кѳчүрмѳлѳрдү алып туруӊуз. Картаӊыздан тѳлѳм алынган сайын сизге электрондук почта, тексттик билдирүү же тиркеме аркылуу билдирүү жиберилип турушун камсыздаӊыз. Эгерде кандайдыр бир шектүү операцияны байкап калсаӊыз, дароо банкка чалып, бул тууралуу маалымат бериӊиз  (картаны бѳгѳттѳӊүз, банкка арыз жазыӊыз, райондук милицияга кайрылыӊыз).

6

Жеке маалыматтарыӊызды ачыкка чыгарбаӊыз

Кѳп учурда каражаттардын уурдалышына онлайн-дүкѳндѳр же банктар эмес, ишенчээк колдонуучулардын ѳздѳрү күнѳѳлүү болушат. Алдамчылар ар кандай психологиялык техникаларды жакшы билип, ишеничиӊизге кириш үчүн түрдүү манипуляцияларга барышат. Эӊ башкысы, алардын кайырмагына илинип калбаш керек.

CVV-кодду, пин-кодду кошкондо, банктык картанын маалыматтарын эч качан эч кимге айтпаӊыз. Кимдир-бирѳѳ аларды билүүгѳ аракет кыла турган болсо, анда ал – алдамчы экенин билиӊиз.

Ой-пикир кошуу

кирүү