Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрѳт: Алина Печенкина

Санарип технологиялар ѳнүккѳн, маалымат контентин бардык жерлерде жана  ар түрдүү формада жаратуу, алар менен алмашуу жана жайылтуу мүмкүн болгон мезгилде мындай маалыматтардын чын же жалган экендигин аныктоого байланыштуу кѳйгѳйлѳрдүн келип чыгып жаткандыгы талашсыз.  Мындай шарттарда, калкты жалган маалыматтардан коргоонун маанисин аӊдап түшүнгѳн мамлекеттердин баары маселени жѳнгѳ салууга жана кесепеттерин жеӊилдетүүгѳ аракет кылууда. Бирок алар муну кандайча ишке ашырып жатышат? Сактык чараларын кѳрүү жана интернетке кирүү эркиндиги, сѳз эркиндиги, пикирин билдирүү эркиндиги менен аларды чектѳѳнүн ортосунда теӊдемди сактоо аркылуубу? Ал эми бизде абал кандай?

2021-жылдын 28-июлунда Жогорку Кеӊеш тарабынан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жѳнүндѳ» мыйзам кабыл алынды. Мыйзамдын демилгечиси болуп, мындан мурун «Маалыматты манипуляциялоо жѳнүндѳ» мыйзам долбоорун ѳкмѳттүн карап чыгуусуна сунган депутат Г. Асылбаева болуп эсептелет. Анда депутаттар «Маалыматты манипуляциялоо жѳнүндѳ» мыйзам долбоорун кабыл алууну четке кагышкан эле. Регламентте белгиленген 6 айлык мѳѳнѳткѳ жеткирбей, анын талаптарын бузуусуна жана коомдук сынга алынганына карабастан, демилгечи аталган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жѳнүндѳ» мыйзам долбоорун кайрадан депутаттардын карап чыгуусуна койду. 2021-жылдын 23-августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жѳнүндѳ» мыйзам КР Президенти тарабынан бекитилди.

Мыйзамдын коомдук сынга алынышы анын кабыл алуу максатына туура келбегендиги менен шартталган. Баштапкы версиясында негизги максат болуп, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндигин камсыздоо жана аларды Интернет мейкиндигинде тараган жалган же анык эмес маалыматтан коргоо аракети белгиленген. Бирок анык эмес маалыматтын аныктамасындагы карама-каршылыктан улам мыйзам сѳз эркиндиги менен пикирин билдирүү укуктарын негизсиз чектѳѳ максатында мыйзам ченемдерин пайдалануу, тандама аткаруу практикасына мүмкүндүк түзѳт.

Мыйзам абийирине, ар намысына жана кызмат беделине шек келтирген ѳзү тууралуу анык эмес (жалган) маалымат тарады деп эсептеген ар бир жаранга Интернет түйүнүндѳгү сайттын же Интернет түйүнүндѳгү баракчанын ээсине кайрылып, баракчадан же сайттан ал маалыматты дароо (кайрылуудан кийин 24 сааттын ичинде) ѳчүрүп, жокко чыгаруу тууралуу билдирүүнү жайгаштыруусун талап кылуу укугун берет.  Буга ылайык, мыйзам сайттар менен баракчалардын ээлерин мыйзам бузууларды соттук териштирүүсүз жоюуга милдеттендирет. Бирок ѳлкѳнүн мыйзамдарында жарыяланган маалыматты абийирине, ар намысына жана кызматтык беделине шек келтирди деп эсептеген кишилердин укуктарын коргоо механизмдери мурда эле каралган. Эгер сайттардын же баракчалардын ээлери мындай талаптарды аткаруудан баш тарта турган болсо, алардын аракеттерине министрлер кабинети тарабынан белгиленген (азырынча белгилене элек) тартипте даттанууга, ал эми сайттын же баракчанын иштѳѳсүн жаӊы баракча же сайт түзүү мүмкүндүгүн бербей туруп, эки айга чейинки мѳѳнѳткѳ токтотуп коюуга болот.

Мындан тышкары, мыйзам сайттар менен жалпыга жеткиликтүү пункттардын ээлерине, провайдерлерге абонентти идентификациялоо милдетин белгилейт. Бул техникалык жактан канчалык деӊгээлде ишке аша турганын элестетүү кыйын, элестетүү мүмкүн болгон учурда деле абоненттер буга макулдугун бербейт да. Анткени «Жеке мүнѳздѳгү маалымат жѳнүндѳ» мыйзамга ылайык, абонентти идентификациялоо жеке маалыматтар менен иштѳѳгѳ кирет, демек, абоненттин ѳзүнѳн макулдугун алуу талап кылынат.   

Анык эмес (жалган) маалыматтын аныктамасынын ѳзү эле адашууга алып келет, ал эми аныктаманын мазмуну шарттуу түрдѳ башка кишинин абийирине, ар намысына жана кызматтык беделине шек келтирүүчү чындыкка дал келбеген маалыматты таратуу учурун түшүндүрѳт.  

Чындыгында мыйзам фейк-ньюс же тролль-фермалар сыяктуу анык эмес маалыматтарды жайылтуу коркунучунан сактабайт.  

Мыйзамда министрлер кабинети 3 айдын ичинде ѳз чечимдерин тууралап, ыӊгайлаштыруусу каралган, бирок эч кандай иш аткарылган жок, ал тургай ѳкмѳт мындай аракеттерди кѳргѳн учурда деле алардын жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоого багыттала турганы күмѳндүү.  

Ой-пикир кошуу

кирүү