Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрѳт: Алина Печенкина

2019-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКОго мүчѳ мамлекеттер жыл сайын ноябрдын биринчи бейшембисин Мектеп чѳйрѳсүндѳ зомбулукка жана кысым кѳрсѳтүүгѳ, анын ичинде кибербуллингге каршы күрѳшүүнүн эл аралык күнү катары белгилениши жѳнүндѳ демилгени бир добуштан колдоп чыгышкан. Быйыл бул күн 4-ноябрга туш келди.  

1

Кибербуллинг деген эмне?

Термин Интернет түйүнү аркылуу кодулоо дегенди түшүндүрүп, кемсинтүү, коркутуп-үркүтүү, киши жѳнүндѳ ушак-айыӊ кептерди таратуу, агрессия кѳрсѳтүү, киши тууралуу компроматтык маалыматтарды жарыялоо жана башка ар кандай формаларда ишке ашат.  Кибербуллинг Интернет түйүнү кошулуп, маалымат мейкиндигинде бир адамды, жамаатты же адамдардын тобун узак убакыт бою кайталанган, системалуу жана агрессивдүү куугунтуктоо аракеттерин билдирет.  

Интернет аркылуу кодулоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү катары, күнү-түнү жеке жашоого кийлигишүү, маалыматты таратуу ылдамдыгы, анын масштабы жана агрессорлордун анонимдүүлүгү эсептелет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кибербуллинг үчүн атайы берене жок – ар бир конкреттүү учурга ѳзүнчѳ баа берилет. Мыйзамдарда адамдын абийирин жана ар-намысын коргоо механизмдери, ѳмүрүнѳ жана ден соолугуна коркунуч келтирүү, жеке жашоого кийлигишүү, улут аралык, диний жана расалык жек кѳрүүнү пайда кылуу үчүн жоопкерчилик каралганы менен кибербуллингди укуктук квалификациялоо жаатында айрым кѳйгѳйлѳр бар.   

Маселен, агрессорлордун кѳбү анонимдүү болгондуктан, аларды аныктап чыгууда кѳйгѳй жаралышы мүмкүн. Мындан тышкары, кибер кодулоонун узак убакыт бою созулган массалык ѳзгѳчѳлүгү жоопкерчиликке кимди тартуу керек экендиги тууралуу дагы ойлонууга түртѳт.

Ошондой эле агрессорлордун жоруктарында жоопкерчиликке тартуу үчүн эч кандай белги байкалбай калышы ыктымал, бирок баары бир узак убакыт бою жана бардык жерлерде жанга тийүүчү комментарийлердин жазыла бериши киши үчүн ыӊгайсыздык жаратат.  

2

Кибер кодулоо чабуулдары жасалган учурда эмне кылуу керек?

  • Агрессорлордун жек кѳрүү сезимдерин жайылтуу үчүн колдонгон каттоо жазууларын бѳгѳттѳп коюу, алар менен полемикага кирүүнүн кажети жок.
  • Социалдык тармактардын администрациясына кибербуллинг фактылары тууралуу билдирүү.
  • Скриншот кѳчүрмѳлѳрүн алгыла.
  • Окуя жѳнүндѳ жакындарыӊарга айткыла. Керек болсо, адистерге: психологдорго, юристтерге, укук коргоо органдарына кайрылгыла.
  • Аккаунтту жабык кылып ырастап койгула.

Ой-пикир кошуу

кирүү