Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрѳт: Алина Печенкина

Адамдын ѳмүрү кыска. Биз бул жарыкта белгилүү гана убакыт жашайбыз жана ошол убакыттын ичинде жоро-жолдоштор, пикирдештер жана ѳнѳктѳштѳр менен мамиле түзгѳнгѳ, сүйүүбүздү тапканга, үй-бүлѳ курганга жетишип, ѳмүрүбүздү мүмкүн болушунча кызыктуу жашап ѳткѳнгѳ аракет кылабыз. Турмушубузда ар түрдүү, бирок ошол эле учурда окшош жактары кѳп адамдарды кезиктиребиз.  Албетте, бардыгы эле биз каалагандай боло бербейт: ийгиликтер жана тѳмѳндѳѳлѳр болот, кимдир бирѳѳ алдыга койгон максаттарына жетет, башкасы жашоодон кѳксѳгѳн нерсесине жете албайт. Бирок буларга карабастан жашоо ѳз агымы менен кетет, бардык нерсени ѳз ордуна коёт, ал эми биз ѳмүрү ѳткѳндѳрдү эсибизде сактап кала беребиз.   

Байыркы мезгилдерде жарык дүйнѳдѳн кеткен адамдар жѳнүндѳ эскерүүлѳр ооздон оозго ѳтүп сакталып келген. Кийинчерээк жазуунун пайда болушу менен адамдар кѳзү ѳткѳндѳрдүн жашоо тарыхын кол жазмаларда, жылнаамаларда жана китептерде чагылдырып, аларды кѳзүнүн карегиндей сактап, муундан муунга ѳткѳрүп турушкан. Оозеки баяндар так чагылдырылган эмес, себеби адамдын эстутуму маалыматты толук, болгонун болгондой кылып сактай албайт эмеспи, ал эми жазуу жүзүндѳгү ташуучуларды оӊой эле жок кылып коюу мүмкүн болчу.   

Эми болсо, санарип технологиялар ѳнүккѳн доордо аталган эстутумду санариптештирип коюу мүмкүн. Албетте, аларды деле жок кылууга болот, бирок жалпысынан санарип маалыматтын касиеттери аны кѳп убакыт бою сактоого мүмкүндүк берет. Муну менен бирге, адамдын физикалык жашоосу жѳнүндѳгү маалыматты гана эмес, анын байланыш маалыматтары, достору, жакындары, ортодогу жазышуулар, жарыяланган же сомо түрүндѳ сакталып калган жашоо тууралуу ой жүгүртүүлѳрү сакталып калган виртуалдуу маалыматтарды да сактап коюуга болот. 

Ѳткѳн жумада эле Apple компаниясы девайстарына Digital Legacy же Санарип мурас деп аталган жаӊы функцияны киргизди. Мында колдонуучу кѳзү ѳткѳндѳн кийин булут сактагычтан жеке каттоо жазууларына кирүү мүмкүндүгүнѳ ээ боло турган 5 кишини тандай алат. Мурунураак ушундай эле функция Google жана Facebook компаниялары тарабынан киргизилген эле. Apple «санарип мураскорлорго» ѳлгѳн кишинин жеке маалыматтарына, фотосүрѳттѳрүнѳ, документтерине жана сатып алууларына кирүү  мүмкүндүгүн тартуулайт. Бул үчүн компания колдонуучуларга ырастоолорго кирип  (iOS 15.2 бар болсо), «шартбелги жана коопсуздук» бѳлүмүнѳн «санарип мураскорлор» (legacy contact) салмасын тандап, нускама боюнча «мураскорду» белгилѳѳсүн сунуш кылат.

Технологиялык процесстин ѳнүгүү ылдамдыгы бир аз чочулоо жаратышы ыктымал.. Анткени кѳрүп-биле элек али кѳп нерсе бар, бирок мындай процесстин артында ар дайым адам баласы турганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Албетте, аткарылган (аткарылбаган) бардык нерсе – адам баласынын жана анын баалуулуктарынын пайдасына жасалат. Санарип мурастар институтунун пайда болушу мунун далили. Практика жүзүндѳ келечекте бул боюнча түрдүү талаш-тартыштар, кайчы пикирлер келип чыгышы мүмкүн, мына ошондо мураскорлордун укуктарынын ортосунда теӊдемди табуу үчүн кѳзү ѳткѳн адамдын укуктары, эркиндиктери, кызыкчылыктары жана баалуулуктарынын негизинде  аракет кылынат. Азырынча болсо, ар бирибизде келечек муунга кандай санарип мурас калтыра алгандыгыбыз жѳнүндѳ ой жаралат.  

Ой-пикир кошуу

кирүү