Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Автор: Бекболот Касаболотов
Иллюстрация: Алина Печенкина
Шайлоо алдындагы жарыштын кызуу учурунда абийирсиз талапкерлер добуштарга ээ болуу максатында шайлоочуларды акча каражатынын белгилүү бир суммасына сатып алууга аракет кылган жагдайларды кѳп эле кездештирип жүрѳбүз. Мында талап кылынган нерсе – паспорттун кѳчүрмѳсүн жана аталган талапкерге добушун берүү. Бул материалда эмне үчүн акчалай пайданы жогору коюп, добушуӊуз үчүн пара сунуш кылган жана жеке маалыматтарыӊызга ээ болууну кѳздѳгѳн шектүү адамдарга паспорттук маалыматтарды бербеш керек экендиги тууралуу баяндайбыз.
Алгач, талапкердин добуштарды сатып алуусу гана эмес, шайлоочунун добушу үчүн акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн дагы жоопкерчилик каралганын эскерте кетмекчибиз. Мыйзам бузуулар кодексине ылайык, добуштарды сатып алуу үчүн 220 000 сомго чейин айыппул тѳлѳнѳт, ал эми добуш сатып алган кишинин же ѳкүлдѳрүнүн пайдасына шайлоочу добушун сатып, акча же материалдык баалуулук түрүндѳ сыйакы алган адам 1 000 сом ѳлчѳмүндѳ айыппул тѳлѳѳгѳ милдеттүү.
Дагы бир эскерте кетчү нерсе, эгер жаран акча алгандыгы тууралуу ѳз эрки менен билдирген болсо, анда ал мындай жоопкерчиликтен бошотулат.
Добуш сатып алуу жана добушун сатуу боюнча бардыгы түшүнүктүү болсо, паспорттук маалыматтардын берилишине ѳтѳлү. Эмнелерди билиш керек:
Андыктан ѳзүӊүздүн паспорттук маалыматтарыӊызга абайлап мамиле кылыӊыз жана шайлоо кампаниясынын учурунда материалдык пайда табам деген ой менен паспортуӊузду шектүү адамдарга берүүдѳн мурун жакшылап ойлонуӊуз. Себеби, кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери сиздин «тынчыӊызды алып» калышы мүмкүн деген коркунуч бар.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]