Экинчи жарандуулугун жашыруудагы жазалар

Депутат Дастан Бекешев («СДПК» фракциясы) кесиптеши Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан» фракциясы) менен экинчи жарандыгын жашырган түрдүү деӊгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунушташты.

Бул өзгөртүүлөр 2019-жылы күчүнө кирип жаткан Кылмыш кодексине киргизилгени жатат. Сунушталган өзгөрүүлөр президент болом деген талапкерлерге, депутаттарга, сотторго жана башка мамлекеттик саясий кызматты ээлеген жарандарга тиешелүү.Булардын баарына мыйзам тарабынан экинчи жарандуулукка тыю салынган.

«Бул мыйзам долбоор алдын алуучу мүнөздө болот. Анткени, мыйзам менен тыю салынган кош жарандуулукту аныктоо мамлекет үчүн кыйынга турат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, сотторго,укук коргоо органдарынын жана каржы тармагынын (фискалдык органдардын) кызматкерлерине, башкача айтканда 50 миӊ адамдан ашык жарандарга башка өлкөнүн жарандыгын алуу тыю салынат»-деп жазылат тактама-негиздемеде.

Экинчи жарандыгы бар адамга санкция салынып, ал 260 000ден 300 000 сомго чейин айып пул төлөйт. Же болбосо 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Парламентарийлердин мындай демилгени көтөрүп чыгышы жогорку кызматта иштеген чиновниктердин экинчи жарандыгы билинип калган акыркы окуялардын жыйынтыгынан улам келип чыккан окшойт.

Бир айдын ичинде бул мыйзам долбоор коомдук талкууга жөнөтүлөт. Докмуенттин тексти менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү