Элди тоноо уланууда

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов

Белгилүү болгондой, Осмонбек Артыкбаевке кылмыш кодексинин 303чү «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынды. Бирок, кылмыштын бул түрүн таптакыр далилдөө мүмкүн эмес. Анткени, коррупция бул жасалган бир кылмыш эмес, а жалпы коомдогу көрүнүш. Артыкбаевдин кыймыл-аракеттеринде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» (КР КК 304-беренеси), «КР кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырган жана келишим түзгөн» (КР КК 306-берене) жана «Шалаакылык» (КР КК 316-берене) деген так жана даана кылмыштар бар.

Бул кылмыштардын далили Жогорку Кеӊештин сайтында «Бишкек ш.ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн кредиттик макулдашууну ратификациялоо» мыйзам долбооруна карата жазылган тактама-негиздемеде ачык эле көрүнүп турат. Ал тактамада Артыкбаев бул макулдашуу кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоодогу, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды алып келбейт деп баса белгилеп жазат. Ал эми бул, сөзсүз түрдө экспертиза өткөрүүнү талап кылган  «Нормативдүү укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесин түздөн түз бузуп жатат. 

Азыр Артыкбаев өзүн жогору жактан келген буйрукту аткарган байкуш аткаруучу катары көрсөтүп, башкаларды күнөөлөп жатат. Эгерде ал мыйзамга ылайык коомдук угууларды өткөрүп, эксперттерди чакырса эл үчүн бул келишим алда канча коопсуз болуп, коомдун чөнтөгүнө да көп зыян алып келмек эмес.Андыктан Артыкбаев бул жемкорлукта борбордук жана негизги орунду ээлеген. Садага чабылган ушундай жемкорлордон өзүм билемдик менен элдин мүлкү таланып тонолууда. Эмнеге аны эксперттик топту чакырууну жана каржы-экономикалык негиздемени өзүнө камтыган коомдук угууларды өткөрбөгөндүгү үчүн айыпташкан жок?  Мындай прецедент жараткан кырдаал бийликтеги топко кереги эмес, ошону үчүн. Мындай кылмыштар азыр деле болуп жатат, бардык мыйзам долбоорлор «нормативдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамды бузуп ишке ашууда. Ал кылмыштардын көпчүлүгү каржылык маселесине байланышкан. Башкача айтканда, ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча чоӊ уурулук болуп бүттү, бирок, азыр деле уурулар адатынча бизди каратып туруп уурдаганын токтотушкан жок.

Ой-пикир кошуу

кирүү