Дары-дармекти кайрадан дарыканага тапшырса же алмаштырса болобу?

Сүрөт: Pixabay

Буга чейин сиз сатып алган дарыны кайра дарыканага акчасын кайтарып алыш үчүн же алмаштырганы алып барсаӊыз дарыканачы башт тарткан учур болгон чыгаар. Ушундай жагдай орун алган болсо кандай кылыш керек? Биз бул маселенин укуктук жактарын текшерип көрүүнү чечтик.

Дарыканачы дарыны кайра алууну баш тартууда «Медициналык максатта колдонулган дары-дармектердин коопсуздугу жөнүндөгү» КРнын Өкмөтү бекитип берген «Дарыканалар (аптека) жарандардан мурун сатып алган дарыларын кайтарып алуусуна тыю салынат»-деген токтомду жетекчиликке алышат.Бул учурда керектөөчүлөрдүн укугу бузулуп жатат. «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» КРнын мыйзамында жарандар сатып алган нерсени кайтарууга,алмаштырууга же ага төлөгөн акчасын кайрып алууга болот деп жазылган. Тиешелүү сапаттагы азык-түлүк эмес буюм-тайымдардын толук тизмеси камтылган алмашууга мүмкүн эмес болгон атайын тизме бар. Бирок, ал тизмеге дары-дармектер кирбейт. 

КРнын мыйзамдарына ылайык нормативдик укуктук актылардын ичинде Мыйзам Өкмөттүн токтомдорунан бийик турат.

КРнын саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектер менен камсыз кылуу департаменти дары сактоодо өзгөчө шарттар талап кылынаарын айтып жогоруда жазылган мыйзамды жетекчиликке алуу мүмкүн эместигин билдирди. Ушуга байланыштуу алар дарыны кайра кайтарып алгандан баш тартышат.

Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдү эске алганда Дары-дармектер менен камсыз кылуу департаменти берген жооп менен макул болуу кыйын. Бирок, бул карама-каршылыктар мыйзамдардагы унутта калтырылып кеткен каталарды көрсөтүп турат. Регламент мыйзамга каршы иштебеш керек. Анткени мыйзамга караганда регламенттин юридикалык күчү азыраак.

Ушуга байланыштуу алмаштырууга болбойт делген азык-түлүк эмес буюмдардын тизмегине «дары-дармектер» деген кичинекей түзөтүүнү киргизип коюш керек.

ЖЫЙЫНТЫК

Сиз сатып алган нерсеӊизди алмаштырууга же ага төлөнгөн акчаны кайтарып берүүсүн талап кылууга укугуӊуз бар. Эгерде талап аткарылбаса анда биз мурунку материалыбызда(статье) берген сунуштарыбызды колдонсоӊуз болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү