Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча маселени карай турган болду

Сүрөт: КРнын Конститутциялык палатасы 

Жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбук баракчасына экс-президенттин  кол тийбестигин алып салуу боюнча жазган өтүнүчүн КРнын Конститутциялык палатасы үстүбүздөгү жылдын 3-октябрь күнү саат 9:30 да карай турганын билдирген. Белгилүү жактоочу “Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренеси конститутцияга туура келбейт деп таануу керектигин талап кылган.

Жактоочунун пикиринде кол тийбестикти алып салуу процедурасы жүрүш керек. Бирок, Конститутциялык палата мындай процедураларды мыйзамга киргизе албайт. Палата конститутцияга ылайык келбеген нормаларды жокко чыгара  алат. Ал эми Жогорку Кеңеш кол тийбестикти жоюп салуу боюнча процедураларды киргизүүнү да, же мыйзамдын 12-беренеси жок эле жашаш керекпи баарын өзү чечет.

“Эгерде Исхак Масалиев кол тийбестик иммунитет такыр эле кереги жок деген болсо, анда мен аны менен толук макулмун. Бирок, мен экс-президент Атамбаев эмес, азыркы бийликтеги Жээнбековко карата кол тийбестикти алып салуу керек деп атам. Эгерде ошол кол тийбестик иммунитети жок болсо Жээнбеков  сот жана укук коргоо системасында иштиктүү реформа жасаганга өзү кызыкдаар болот. Демократиялык өлкөлөрдүн мурунку мамлекет башчыларынын кол тийбестиги жок, анткени аларда сот системасы чындап мыкты иштейт жана саясий куугунтукту кылмышкерлерден айырмалай билишет” –деп жазат Нурбек Токтакунов.

Эскерте кетсек, буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов “КРнын Президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамда жазылган  экс-президенттин кол тийбестиги конститутцияга ылайык келбейт деп тааныш керек деген өтүнүч менен Конститутциялык палатага кайрылган. Бул мыйзамда  экс-президент кол тийбестикке ээ экени, президент кезинде жасаган иштери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбай турганы, ошондой эле кармалбайт жана камакка алынбайт, аны тинтүүгө уруксат берилбейт, суракка алынбайт жана аны эч ким жеке текшере албайт деп жазылган.

Экс-президенттин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө да эч ким кол тийгизе албайт.

Ой-пикир кошуу

кирүү